Жогорку Кеңеш илим министри кызматына Исаматованы дайындоого макул болду

Гүлзат Исаматова

Жогорку Кеңеш 25-декабрдагы жыйынында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына Гүлзат Исаматованы дайындоого көпчүлүк добуш менен макулдук берди.

Буга чейин анын талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитети, Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитети жактырган.

Гүлзат Исаматова 42 жашта. Буга чейин ал Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча проректору кызматын аркалап келген.

Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган. Саясий илимдеринин кандидаты илимий даражасы бар.

Гүлзат Исаматованын талапкерлигин карап жатып Жогорку Кеңештин депутаттары ага жогорку окуу жайлардагы контракттын баасын төмөндөтүү, студенттерге шарт түзүү, стипендиянын баасын көтөрүү, орто кесиптик жайларындагы окуу сапатына, сабакка келбеген студенттерди четтетүү жана жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык курстарын мектеп программасына киргизүү өңдүү сунуштарды беришти.

Буга чейинки министр Бактияр Орозов ичимдик ичип алып машина айдаганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылып, кызматтан алынган. (KS)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Ысык-Көл тартылып баратканына тынчсыздануусун билдирдиТажик бийлиги Ооганстан менен чек арадагы кагылышта аскерлер каза болгонун ырастады