Садыр Жапаров Ысык-Көл тартылып баратканына тынчсыздануусун билдирди

Ысык-Көл

Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда климаттын өзгөрүү шартында экологияга өзгөчө аяр мамиле кылууга чакырды. Ал илимий изилдөөлөргө таянып, акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарганын билдирди.

Президент бул өзгөрүүлөр өзгөчө экосистема болгон Ысык-Көлгө таасирин тийгизип жатканын, 1854-жылдан бери көлдүн деңгээли 14 метрге төмөндөп, андагы суунун көлөмү 85 миллиард куб метрге азайганын билдирди.

Ысык-Көлгө куйган дарыялардын саны үч эсеге кыскарган. 1960-жылдары көлгө 100-110 дарыя куйса, учурда 30дун терегегиндеги гана суу кошулууда. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн келечеги үчүн өкмөт бардык аракеттерди көрөрүн убада кылды.

Ысык-Көл - Кыргызстандагы эң чоң көл, кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк туристтер агылып келген жай.

Акыркы жылдары айрым адистер көлдүн экологиялык абалына байланыштуу маселе улам курчуп баратканын эскертип келет. Буга климаттын өзгөрүүсү менен катар көл жээгиндеги мыйзамсыз курулуш сыяктуу маселелер бар.

Бийлик Ысык-Көлдүн туристтик потенциалын колдонуу үчүн облустун аймагына "Асман" шаарынын курууну пландап келет.

Дагы караңыз

Краснодар портундагы дрон соккусунан мунай сактоочу эки резервуар өрттөндү Тажик бийлиги Ооганстан менен чек арадагы кагылышта аскерлер каза болгонун ырастады