Жаңылыктар | 25.12.2025 | Bloomberg: Орусия тынчтык планына өзгөртүү киргизүүгө аракеттенет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Москва Украина менен АКШнын талкууларынын жыйынтыгында даярдалган 20 пункттан турган тынчтык планга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кыларын Bloomberg Кремлге жакын булактарына таянып жазды. Аталган агенттиктин маектешинин айтымында, Москва бул пландын айрым пункттарында Орусия үчүн маанилүү жоболор көрсөтүлбөгөндүктөн, аны мындан ары сүйлөшүүлөр үчүн баштапкы негиз катары карап жатат.