Трамп дем алыш күндөрү Зеленский менен жолугарын ырастады

АКШ президенти Трамп жана Украинанын президенти Зеленский. Архив сүрөт.

АКШнын президенти Дональд Трамп Politico басылмасына маек куруп, дем алыш күндөрү Украинанын лидери Владимир Зеленский менен жемиштүү жолугушуу болорун күтүп жатканын айтты.

Буга чейин Зеленский сүйлөшүү жүргүзүү үчүн жакын арада Флоридага барышы ыктымал экени кабарланган. Украинанын президенти Киев АКШ жана Евробиримдик менен бирге иштеп чыккан, 20 пункттан турган тынчтык келишимин талкуулоону көздөп жатканы айтылган.

Politico жазгандай, бул жолку жолугушууда АКШнын коопсуздук кепилдиктери, Запорожье атомдук электр станциясын башкаруу жана Москва өз карамагына алууну көздөп жаткан Донбасстын аймактарын көзөмөлдөө талкууланалары күтүлүүдө.

Басылма ошондой эле орус тарап азырынча Украинанын тынчтык планы боюнча сунуштарын кабыл алууга даярдыгын билдире электигин жазды. Бирок Трамп азыр орус экономикасы оор абалда экенин белгилеп, Москва айрым шарттарга барууга мажбур болорун айткан.

Ал тапта 26-декабрдын кечинде Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков украин президенти сунуштап жаткан тынчтык планы АКШ жана Орусиянын делегацияларынын консультацияларында талкууланган варианттан толук айырмаланарын айтып чыкты. (KS)

Дагы караңыз

Марат Нуралиев Кыргызстандын Катардагы элчисинин кызматынан бошотулдуМалайзиянын экс-премьер-министри Нажиб Разак 15 жылга кесилдиУкраинадагы согушта мерт болгон 158 миңдей орусиялыктын тек-жайы такталды