Министрлер кабинетинин орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы Балыкчы - Бөкөнбаев - Барскоон жолунун курулушун жүргүзүп жаткан подрядчылар менен жолукту.
Region телеканалынын видеосунда ал президент жолду оңдоп-түзөө иштерин кечиктирген тиешелүү адамдарды камоого тапшырма бергенин айтканын көрүүгө болот.
Ташиев жолугушууда узундугу 25 километрлик Балыкчы-Кара-Шаар жолун апрель айында бүтүшү керектигин айтты. Андан тышкары жолдун 46 километрлик бөлүгү беш жылдан бери бүтпөй жатканы үчүн "Кыргыз жол курулушунда" иштеген адамдарды урушкан.
Кол астындагыларга компаниянын жооптуу кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароону, аларды чет өлкөгө чыгып кетпегендей кайтарууну дайындаган.
"2026-жылдын 31-августуна чейин 46 километрди бүтүргүлө. Тим койсо дагы үч-төрт жыл жүрөсүңөр", - деди Ташиев.
Жолдун 20 километрин "Кыргыз жол курулушунан" өткөрүп алган "Фирдаус" кытай компаниясынын жетекчисине дагы жолду август айынын соңунда бүтүрүүнү тапшырды.
Камчыбек Ташиев жолдун курулушу боюнча жыйынды Ысык-Көл облусуна иш сапар менен барганда өткөргөн.
Балыкчы - Бөкөнбаев - Барскоон жолунун курулушу төрт жыл мурда башталган. "Кыргыз жол курулуш" компаниясынын негиздөөчүсү Мирлан Исагалиев 27-декабрда Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол автожолун куруу мөөнөтүнүн жана ченемдеринин одоно бузулушуна байланыштуу кармалып, Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. (ST)