Жаңылыктар | 29.12.2025 | Ташиев Ысык-Көлдө жол салып жаткандарга эскертүү берди, министр айрым жетекчилерге сөгүш жарыялады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушуна байланыштуу жыйын өткөрдү. Анда аталган жолду куруу кечеңдеп жатканына байланыштуу өзүнүн биринчи орун басарына, "Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту" ишканасынын директору менен анын орун басарына сөгүш берди. "Министр бул жолдун курулушун Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын баса белгилеп, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды. Мындан сырткары Сыргабаев кышкы мезгилде жолдорду тейлөө жана алардын абалын көзөмөлдөө маселесине токтолуп, тийиштүү деңгээлде иш алып бара албаган жетекчилерди кызматын тапшырууну талап кылды", - деп жазылган маалыматта. Мунун алдында Ташиев Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы Балыкчы - Бөкөнбаев - Барскоон жолун куруп жаткан жалданма компаниялардын өкүлдөрү менен жолуккан. Анда бул жолдун курулушу беш жылдан бери бүтпөй жатканын сынга алып, буга тиешеси бар адамдарды камоо тууралуу тапшырма берген. Ошондой эле бул жолду келерки жылдын 31-августуна чейин бүтүрүүнү тапшырган.