Иранда нааразылык акциялары өлкөнүн бардык аймактарына жайылды

Иранда өтүп жаткан митинг. Видеодон алынган кадр.

30-декабрда Ирандын бир нече шаарында нааразылык акциялары өткөнү кабарланды. Айрым базарлар менен дүкөндөр жабылып, университеттерде студенттер митингге чыгышкан. Бул акциялардын алдында эки күн катары менен демонстрациялар болуп, коопсуздук күчтөрү элди таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Нааразылыкка чыккандар улуттук валютанын кескин арзандашына каршы ураандарды чакырышкан.

Социалдык тармактарга чыккан видеолордон базарлардын үчүнчү күн катары менен жабылганын жана ар кайсы жерлерде майда нааразылык акциялары өткөнүн көрүүгө болот. Айрым кадрларда коопсуздук күчтөрүнүн саны көбөйгөнү, кээ бир учурларда кайрадан көздөн жаш агызуучу газ колдонулганы да байкалат.

Иранда бейрасмий базарда 1 АКШ доллары 1,4 миллион риалга сатылууда. Былтыр 1 доллар 800 миң риал эле. Расмий жайларда курс мындан пайдалуу болгону менен калың эл жана компаниялар андай жерлерден колдоно албайт.

Иранда кайра жанданып жаткан нааразылык акцияларына чыккандар экономикалык талаптарды гана эмес, "диктаторго өлүм" деген ураандарды да чакырышты. Бул ураан 2022-жылы өлкөнү каптаган "Аял, жашоо, эркиндик" деген жалпы улуттук нааразылык акциялары маалында да кеңири айтылган.

Иран бийлиги өлкө туш болуп жаткан ички нааразылыктарга жана тышкы коркунучтарга коркутуулар жана жумшак билдирүүлөр менен жооп берүүдө.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Ички иштер министрлигине нааразылыкка чыккан жарандардын талабын угуу үчүн алардын өкүлдөрү менен диалог уюштурууну тапшырганы кабарланды.

Дагы караңыз

Түркияда "Ислам мамлекети" террордук тобуна байланышы бар деп шектелген 357 адам кармалдыЖапаров Путиндин Новгороддогу резиденциясына чабуул тууралуу кабарга бушаймандык билдирди Бишкекте кинорежиссёр жана дипломат Төлөмүш Океевге эстелик орнотулду