Төрөбаев Майлуу-Сууга барып, заводдун эмгек жамааты менен жолукту, лампанын бул жерде жасалуучу түрүнүн келечеги жок экенин айтып, жаңы өндүрүш ачуу керектигин билдирди. Ал эми айрым жумушчулар маселе өндүрүштүн түрүндө эмес, башкаруу жана уюштуруу иши аксап жатканында экенин айтууда. Ишканадагы соңку абалга байланыштуу жакында жумушчулар президент Садыр Жапаров баштаган бийлик башчыларына кайрылышкан.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, заводдун эмгек жамааты менен жолугушуу президенттин ыкчам тапшырмасынын негизинде өткөрүлдү. Өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаев ишканада түзүлгөн жагдайга байланыштуу жеринде көчмө жыйын уюштурду. Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, заводдун жетекчилиги жана жумушчулары катышты.
Заводдогу азыркы абал, өндүрүштүн көлөмү, кызматкерлердин эмгек акысы, социалдык маселелер жана ишкананы сактап калуу боюнча келечектеги иш-аракеттер талкууланды.
Эмгек жамаатынын өкүлдөрү өндүрүш кыскарып, эмгек акы кечиктирилип жатканын айтып, жумушсуз калуу коркунучунун улам тынчсыздануусун билдиришти.
Заводдун башкы директору Дайырбек Закиров лампанын бул жерде жасалуучу түрүнө дүйнөлүк рынокто суроо-талап азайганын, жумушчулардын мээнети акталбай жатканын айтты:
"Суроо-талап азайып кетип, маянаны актоо, сырьену жеткирип берүү колубуздан келбей калды. Биз кайрылдык эле дагы жардам берсеңиздер, жаңы өндүрүш куралы деп. Ал маселе, буюрса, чечиле турган деңгээлде. Бөлүнүп берилген 1 млрд сом бюджеттик насыяга айнек иштетүүчү завод курулду. Ага эки жылдан ашыгыраак убактыбыз кетип калды. Ал заводдо коллективдин үчтөн бири гана жумуш менен камсыз боло алат. Калганына жумуш орун таап берүү маселеси оор болуп жаткандыктан чоңдорго кайрылдык эле. Эки-үч инвесторубуз бар, алар менен дагы сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз".
Жыйындын катышуучулары
Деген менен заводдун айрым жумушчулары бул жерде өндүрүлүүчү лампага суроо-талап жок деген пикирге макул эместигин билдирип жатышат. Майлуу-Суу шаарынын тургуну Улан Жуманов бул ишканада 27 жылдан бери эмгектенерин айтууда. Ал маселе өндүрүштө эмес, башкарууну иретке келтирүүдө деп эсептейт:
"Лампа өтүп жатат. Өтөт. Заказдар бар. Ошол лампаны мен чыгарам. Бирок биздин үстүбүздө адамдар көп да. Лампа чыгаруунун үстүнө банка, бөтөлкө чыгаруу, директорлор, баары кошулуп отурат. Ушулардын иш сапарлары... Келип эле бизди кыскартабыз дейт. Эмнеге бизди кыскартат? Ошол иштей албаган курамды, директорду баш кылып кыскарткыла".
Шаарда бул заводдон башка иштей турган чоң өндүрүш жок экенин жергиликтүү кеңештин депутаты Чыңгыз Мамытов белгиледи. Ал өкмөттөн маселени ыкчам жана калыс чечүүнү суранды:
"Шаарды, элди кармап турган ушул завод. Тең жарымын иштен кетирип жатса чыркырап чындыкты айтып жатышат да. Майлуу-Суу шаарынын жаштарынын жарымынан көбү Орусияда иштеп жүрөт. Бул жерде иштеп жаткан адамдар каякка барат? Заводдон башка чоң мекеме жок иштей турган".
Өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаев жыйынтыктоочу сөзүндө айлык маяна төлөнөрүн айтып, лампа эмес, башка өндүрүшкө өтүү туура болорун билдирди:
"Эми, реалдуу карайлы, мына бул лампа накаливаниянын (ред: ысытып жарык берүүчү лампа, Майлуу-Суу заводунан чыккан лампанын түрү) келечеги жок, ачык айтайын. 2005-жылы 214 миллион сомдук сатыпсыңар. 2015-жылы 170 миллион, 2020-жылы 74 миллион сомго түшүп жатат. 2025-жылы болсо 27 миллион сом болуп, үч эсе азайды. Бири-бирибизди алдабайлы. Андан көрө башка өндүрүш ачалы. Экинчиден, башкаруу структурасын (Директорлор кеңеши, Ревизиялык комиссия ж.б.) реформа кылабыз. Үчүнчүдөн, биз мамлекеттен, бюджеттен силерге төлөнө элек үч айлык маянаны беребиз жаңы жылдык каникулдар бүткөндөн кийин – үч айлык карызды жана эки айлыкты".
Жумушчулар эгер кыскартуу болсо көп адам кыйын абалда каларын айтып жатышат. 500дөй адам жумушсуз отуруп каларын белгилеген кызматкер Нурзия Абдрахманова абал оор экенин айтты:
"Барар жерибиз жок. Мына, бир жыл күтүп тургула деп жатышат. Биз бир жыл кайсы акчага жашайбыз? Инвестор келгенче бизге иштин убактылуу токтошуна байланыштуу каражат төлөп беришет го деп ойлодук эле, эч болбосо нан алып жеп турганга".
Өкмөттүн басма сөз кызматы 2-январдагы көчмө жыйындын жыйынтыгы тууралуу маалыматында завод кызматкерлерине төлөнбөй келген акыркы үч айлык эмгек акыны төлөө үчүн Министрлер кабинети тиешелүү тескеме долбоорун даярдаганын, ошондой эле инвестор тартуу багытында тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Жыйындын катышуучулары
"Өндүрүш толук жанданганга чейин заводдун кызматкерлери убактылуу эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыгарылары маалымдалды. Өз каалоосу менен жумуштан кетүүнү каалагандарга эмгек мыйзамдарына ылайык компенсация төлөнүп берилери кошумчаланды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев заводдун ишин жандандыруу максатында атайын жумуш тобу түзүлөрүн, өндүрүштү диверсификациялоо жана жаңы багыттарды ачуу боюнча талдоо жүргүзүлөрүн билдирди. Ал ошондой эле кызматкерлердин айлык маянасы январь айынын аягына чейин толук төлөнөрүн билдирди. Мындан тышкары, заводдун башкаруу системасын жакшыртуу максатында Эсептөө палатасы ишкананын каржылык жана башкаруучулук ишмердүүлүгүнө комплекстүү баа берилери маалымдалды. Бакыт Төрөбаев учурда заводдо чыгарылып жаткан лампаларды (лампа накаливания) өндүрүү токтотуларын айтып, мындай продукция дүйнө жүзүндө колдонулбай калганын белгиледи", - деп айтылды өкмөттүн жыйынтык маалыматында.
Майлуу-Суу лампа заводуна байланыштуу маселе IV Элдик курултайда дагы көтөрүлгөн. Президент Садыр Жапаров бул шаардан келген делегаттын суроосуна жооп берип жатып завод иштей турганын билдирген:
"Жакында эле бир миллиард сом бердик. Биз "ушуну өлтүрбөй жандандырып, тирилтип, өнүктүрүп кеткиле" деп айттык. Мамлекеттик компаниялар өзү жакшы иштечү эмес да, банкрот кылып туруп жеке менчикке сатылып кетчү. Биз болсо, тескерисинче, кайра жандандырып жатабыз. Кудай буюрса иштеп кетет го деп ойлойбуз, бир миллиард сом менен иштете албаса анда ал өлүк адам, өлүк жетекчи болот".
Заводго 1 млрд сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит берилип жатканын, бул бюджеттик насыя экенин жана анын туура пайдаланылышы дыкат көзөмөлдө болорун өкмөт 2022-жылы билдирген.
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жайгашкан Майлуу-Суу лампа заводу 1964-жылы курулуп, иштеп баштаган. 1967-жылы алгачкы өндүрүмүн баштап, 1974-жылы 1 млрд электр лампасын өндүрүүгө жетишкен.
Совет мезгилинде туруктуу иштеп турган өндүрүш кийин аксап, заводдун иш алып баруусунда, башкаруу формасын уюштурууда мамлекеттик ишкана, акционердик коом, жоопкерчилиги чектелген коом болуп бир нече жолу өзгөргөн.
2003-жылы орус ишкерлерине 3,6 млн долларга сатылган. Ишкананын мамлекетке карызы көбөйгөндүктөн 2009-жылы банкрот деп жарыяланып, "Майлуу-Суу лампа заводу" жоопкерчилиги чектелген коому болуп уюштурулган. Ошол жылдардан тартып заводду Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун банкроттук иштер боюнча департаменти аркылуу дайындалган атайын администратор башкарып келген.
2020-жылы банкроттук абалга кептелген лампа заводун "Кыргызмунайгаз" ишканасы карамагына алмай болгон.
2022-жылы ишкана кайра өкмөттүн колуна өткөн. Ошол жылы Кыргызстанда мамлекеттен каржылануучу дээрлик бардык мекеме-ишканалар мындан ары жарык берүүчү лампаларды Майлуу-Суу лампа заводунан сатып алууга милдеттендирилген. Президент Садыр Жапаров шаар түзүүчү бул ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү, жарык-техникалык тармакты өнүктүрүү, Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча тескемеге кол койгон.
Азыркы учурда Майлуу-Суу лампа заводунда айнек идиштин бөтөлкө, банка сыяктуу бир канча түрү жана жарык берүүчү диод лампалары өндүрүлөт.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Майлуу-Суу заводу: "Өз жериңде иштеген жакшы"