Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирегени тууралуу Улуттук сейсмология институту маалымдады.
Маалыматка ылайык, силкинүү 2-январда саат 00:55те болгон.
Жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан түштүк-батыш тарапта 127 чакырым аралыкта турган Заалай тоо кыркаларында болгон. Эл жашаган аймактарда силкинүүнүн күчү сезилген эмес.
Кыргыз-тажик чек арасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө 19-ноябрда да катталган. Анда Баткендин Ак-Суу айылында, Раззаков шаарында 2 балл болуп сезилген. (ZKo)