Аба ырайы: Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан, кар жаайт

5-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -6…-11.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 7…9° жылуу болот.

Дагы караңыз

Султанбековдун жакындары ал 27-декабрдан бери айып изоляторунда отурганын билдиришти Иран: Хаменеи нааразылыкка чыккандарга катаал чара көрүүгө чакырдыБылтыр Евробиримдиктен мигранттар көп депортация болдуМилиция 28 жаштагы дарыгер Зибированын өлүмүн иликтеп жатат