2-январь күнү Орусиянын ракета чабуулунан улам Харьковдо каза болгондордун саны төрт кишиге жетти. Харьковдун мэри Игорь Терехов беш кабаттуу үйдүн урандыларынын астынан дагы бир сөөк табылганын билдирди. Бир күн мурун куткаруучулар урандылардын алдынан дагы бир адамдын сөөгүн табышкан. Издөө иштери уланып жатат.
Мерт кеткендердин ичинде эне-бала бар экени айтылды. 22 жаштагы Анастасия үч жашар уулу Максим менен ракета соккусунан улам өмүр менен кош айтышканын Анастасиянын чоң энеси Татьяна Волкова Фейсбуктагы баракчасына жазды.
2-январь күнү Орусиянын аскерлери эки "Искандер"ракетасы менен Харьковдогу беш кабаттуу үйдү аткылаган. 31 адам жаракат алган. Орусия бул чабуулга тиешеси жоктугун билдирүүдө.