Белгилүү манас таануучу Раиса Кыдырбаева 96 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту билдирди.
Раиса Кыдырбаева 1930-жылы туулган. 1952-жылы ал КМУнун филология факультетин (орус бөлүмүн), 1956-жылы Москвадагы Горький атындагы дүйнө адабият институтунун аспирантурасын бүтүргөн. Эмгек жолун 1956-1960-жылдары Кыргыз ССР Илимдер Академиясында кенже илимий кызматкерликтен баштаган.
1960-1986-жылга чейин улук илимий кызматкер, 1986-жылдан 2025-жылга чейин Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунун "Манас" бөлүмүндө бөлүм башчы, жетектөөчү илимий кызматкер, башкы илимий кызматкер орундарында эмгектенген.
Фольклор таануучу "Манас" эпосунун салттуулук жана жекелик маселелери", "Манас" эпосунун генезиси", "Саринжи Бөкөй" эпосунун идеялык-көркөмдүк бөтөнчөлүктөрү", "Жаңыл Мырза" эпосунун поэтикалык традициялары", "Манасчынын айтуучулук чеберчилиги", "Манас" эпосунун варианттары", " Мезгилдер, муундар жана манасчы" ж.б. бир катар илимий монографияларды, изилдөөлөрдү жарыкка чыгарган.
Мелис Убукеевдин 1988-жылы чыккан "Улуу манасчы" даректүү тасмасынын илимий кеңешчиси болгон. Фольклористика илиминин теориясы боюнча илимий мектебин түзүп, бир катар илимдин докторлорун жана кандидаттарын даярдаган. (ST)