Декларация: Садыр Жапаров былтыр 2 млн сомдон ашуун киреше тапкан

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров былтыр 2 млн 214 миң 482,38 сом киреше тапкан. Бул тууралуу Салык кызматынын мамлекеттик кызматкерлердин жана алардын жакындарынын 2025-жылдагы киреше-чыгашалары тууралуу бирдиктүү маалыматынан көрүүгө болот.

Президент декларация толтурганда 2 627 чарчы метр аянттагы бизнес-борборуна, 0,63 га айыл чарбага багытталган жерге, 2 125 чарчы метр тамаркага ээлик кыларын көрсөткөн. Андан тышкары 100 миң сомдук автоунаасы бар. 1 млрд 163,5 млн сомдук мүлкүн мыйзамдаштырган.

Жапаровдун жакындары 29 млн 706 миң 840 сомдук киреше тапкан.

Декларацияда чыгашалардын суммасы көрсөтүлгөн эмес.

Садыр Жапаров 2024-жылы декларациясында 2 млн 760 миң 335 сом киреше тапканын көрсөткөн. Ошол жылы мүлкүн жашырып жүргөндөрдү байлыгын легалдаштырууга чакырып, мурда башкаларга каттаткан 20 млн долларлык мүлкүн өзүнө жаздырганын жарыялаган. (ST)

Дагы караңыз

Манас таануучу Раиса Кыдырбаева дүйнөдөн өттүӨзбекстанда маданият министринин тойдо ырдап, акча алганы сынга кабылдыИранда кеминде 116 киши каза болгону жана 2,5 миңдей демонстрант кармалганы маалымдалды