Иранда митингде өлгөндөрдүн саны өсүүдө | Жаңылыктар | 9.1.2026

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Иранда митингдер күчөп, кеминде 45 киши каза болгону кабарланды. Орусиянын армиясы Украинанын аймагына өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү жаңы "Орешник" баллистикалык ракетаcы менен сокку урду. Орусияда миграция саясатын катаалдаштырган кезектеги мыйзам долбоору сунушталды. Ага ылайык жугуштуу дарты бар чет элдиктер өлкөдөн тез арада депортациялынышы керек.