Орусиянын Харьковго соккусунан каза тапкандар төрт кишиге жетти.
Украинанын Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, каза тапкан төрт кишиден башка дагы алты адам ар кандай жаракаттарды алган.
Синегубов сокку кайсы объектиге урулганын тактаган жок. Буга чейин Харьков облустук администрациясы орусиялык аскерлердин чабуулунан "Новая почта" терминалы талкаланганын кабарлаган.
Мындан тышкары Одессанын борборунда эки жолку чабуулдан беш киши жараат алды.
Бул тууралуу Украинанын Одесса шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак кабарлады. Анын айтымында, 13-январга караган түнү Орусиянын армиясы Одессанын борбордук бөлүгүнө эки жолу сокку урган. Анын кесепетинен турак жайлар жана социалдык объектилер: оорукана, бала бакча, мектепке зыян келтирилди. Азырынча беш киши жараат алганы тууралуу маалымат бар.
Түндө Украинанын Аба күчтөрү Одессаны көздөй жанкечти дрондор учурулганын билдирген.
Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болот. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.
Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясын каржылоо булагы деп эсептелген мунай заводдорун маал-маалы менен бутага алып келет.