ӨКМ: Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

Шамал кыйраткан чатыр. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Кыргызгидромет кызматы маалымдагандай, 13-январь күнү саат 15:00-18:00 аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болот. Шамал чыгыштан согот.

ӨКМ жарандарды электр чубалгыларынан, жарнамалык калкандардан, бак-дарактардан алыс болууну эскертти. Кандайдыр бир кырсыкка кабылгандар тууралуу 112 кызматына токтоосуз билдирүү керек.

Былтыр май айында Бишкекте катуу шамалдан бактар кулап, бутактар сынган. Анын кесепетинен машиналар, турак жайлардын чатырлары жабыркады. Ала-Тоо аянтындагы желек айрылган.

Мурунку жылдары дагы бир канча миллион сомдук чыгашага алып келген катуу шамал өлкөнүн ар кайсы аймактарында катталган.

Экологдор катуу шамалдын күч алышына климаттын өзгөрүшү себеп экенин айтып келишет.(ZKo)

Дагы караңыз

Орусиянын Харьковго чабуулунда төрт киши каза тапты, Одессада бала бакча, мектеп бутага алынды Өкмөт мамлекеттик сыйлыктарды кыскартууну сунуштады Соловьёвдун билдирүүсүнөн улам Армения орус элчисине нота тапшырды Түркияга ишке жайгаштыруу менен алектенген төрт агенттиктин иши токтотулду