Евробиримдик Грузиянын дипломаттары үчүн визасыз режимди токтотууга камынууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Евробиримдик бул айда Грузиянын дипломаттары үчүн визасыз режимди токтотууга камынууда. Брюссель Тбилиси виза режимин либералдаштыруу боюнча cүйлөшүүлөрдө "бир катар милдеттенмелерди бузду" деп эсептейт. Еврокомиссия былтыр жыл соңунда визасыз режимден пайдаланган өлкөлөрдүн абалы тууралуу баяндама жарыялаган. Анда Грузияга өтө начар баа берилген. Өзгөчө "чет элдик таасирдин ачыктыгы" жана "үй-бүлөлүк баалуулуктар жана жашы жете электерди коргоо" сыяктуу талаштуу мыйзамдар сынга алынган. Андан тышкары башка маселелерге да көңүл бурулган.

Документте Орусия Украинага каршы кеңири масштабдагы согуш ачкандан кийин Грузияга көчүп барган орус жарандарынын саны кескин өскөнү белгиленет. Баяндамага ылайык, соңку төрт жылга жакын убакта өлкөгө 160 миңге чукул Орусиянын жараны кирген. Бул жагдайлар "мыйзамсыз миграция коркунучун жана Евробиримдик үчүн кеңири коопсуздук тобокелдигин жаратат" деп белгиленет.

Мындан тышкары, грузиялыктардын Евробиримдик аймагында мыйзамсыз калып, медициналык жардам алуу же саламаттыкка байланыштуу башпаанек сурап кайрылган учурлары, ошондой эле коррупцияга каршы чаралардын алдыга жылбай жатканы сынга алынган.

Жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, комиссия айрым паспорттор боюнча визасыз режимди өз алдынча токтотуу чечимин кабыл ала алат. Ошентсе да, ал Евробиримдикке мүчө 27 өлкө менен кеңешип, маселени добушка коет. Так убакыт азырынча белгисиз, бирок добуш берүү январь айында өтүшү мүмкүн.

Дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим токтотулса, бул талапты Евробиримдиктин бардык мүчөлөрү аткарууга тийиш болот.

Дагы караңыз

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштырууга бир ай берилдиТИМ АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен виза талаптары талкууланганын билдирди Трамп Иран менен соода алака кылган мамлекеттерге 25% бажы төлөмүн киргизди