Соловьев Борбор Азияны согуш менен коркутту | Жаңылыктар | 13.01.2026
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Орусиялык журналист Владимир Соловьёв согушту Украинадан тышкары жайылтуу мүмкүн экенин айтып, Борбор Азия менен Арменияны атады. Ереван Орусиянын элчисине нааразылык нотасын тапшырды. Билдирүү Борбор Азия өлкөлөрүндө түрдүү талкууларды жаратууда.
Бул арада Харьковго жасалган чабуулдан төрт киши каза тапты. Суук түшкөнү Орусия Украинанын энергетикалык жайларына соккуларын күчөтүп келатат.
Манас шаарында 40 жаштагы аял өз үйүндө асынган абалда табылды. Сузакта 28 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапканын милиция ырастады.