Чүйдө кыз ала качууга шектелип эки адам кармалды

Иллюстрация

13-январь күнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) Кожомкул айылынын тургуну, 19 жаштагы кыз кайрылып, чала тааныш адам никеге туруу максатында ала качканын билдирген. Маалыматка ылайык, аны 13-январга караган түндө, болжол менен саат 00:30 чамасында автоунаага күчтөп отургузуп, ала качышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси ("Никеге туруу максатында ала качуу") менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери эки адамды - 24, 23 жаштагы эки адамды кармап, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизген.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыш. Мындай кылмышы далилденгендер Кылмыш-жаза кодексинин “Никеге туруу максатында ала качуу” беренесинин биринчи бөлүгү (“Никеге туруу үчүн адамды ала качуу”) менен беш жылдан жети жылга чейин, экинчи бөлүгү (“Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу”) менен жети жылдан он жылга чейин абакка кесилет.

Ала качуунун айынан кыздардын өмүрү кыйылган учурлар катталган. (ZKo)

Дагы караңыз

Трамп ирандыктарга "жардам жолдо" экенин билдирдиТИМ АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен виза талаптары талкууланганын билдирди Чет өлкөлөрдөгү абактардан 221 кыргызстандык экстрадиция болду Reuters: Кара деңизде казак мунайын күтүп турган танкерлерге дрон менен чабуул жасалды"Тогуз айда тапшырма аткарылган эмес". Жүрөктү дарылаган догдурлар кызматтан алынды