№13 округдан кайра шайлоого катышуу үчүн үч жаран арыз берди

Шайлоодогу добуш берүү. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Жалал-Абад облусундагы №13 аймактык шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышуу максатында үч адам арыз берди. Алар: 61 жаштагы Акылбек Арстанбеков, 54 жаштагы Эркинбек Маматаев жана 56 жаштагы Уланбек Асанов.

Боршайкомдун маалыматына караганда, шайлоого катышуучулардан арыз алуу 28-январь күнү, саат 18:00дө токтойт.

Аталган округдан депутаттарды кайра шайлоо 1-мартта өтөт. Үгүт иштери 9-февралда башталып, 28-февралда аяктайт.

Кайра шайлоо өткөрүүгө 18,5 миллион сом кетет. Каражат республикалык бюджеттен алынат.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурдагы шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн. Сөз болуп жаткан округдагы мыйзам бузууларга байланыштуу БШК андагы добуш берүүнүн жыйынтыгын 3-декабрда жокко чыккан. Бул аймактагы 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы ачыкка чыккан. (ZKo)

Дагы караңыз

Салык кызматынын мурдагы башчысы Абдувапов жана анын орун басары үй камагына чыкты Газада Израилдин дрон соккусунан төрт адамдын өмүрү кыйылдыЧет өлкөлөрдөгү абактардан 221 кыргызстандык экстрадиция болду Депутат Бекешев ботаникалык бакка футбол аянтча курууга тыюу салууга чакырды Reuters: Ирандагы толкундоолордо каза тапкандар 2 миңден ашты