Омскидеги «12 канал» телеканалынын комментатору Максим Гречанин Казакстандын хоккей боюнча жаштардын «Астана» клубунун оюнчуларын сөккөнү эфирге чыгып кетти. Ал казакстандыктардын дарегине оозго алгыс, кемсинтүүчү, ыплас сөздөрдү айткан.
Кийинчерээк журналист микрофон күйүп турганын билбегенин, ал сөздөр кокусунан оозунан чыгып кеткенин shaiba.kz басылмасына айтып берди.
«Менин айткандарым матчтын алдында эфирге чыгып кеткен, мындай сөздөр "Астана" клубуна, башка бирөөлөрдүн дарегине айтылбашы керек болчу. Менин тарабыман этикага сыйбаган, орой аракет болду. Эки өлкө ортосунда улут аралык жек көрүүнү козутууну максат кылган эмесмин”, - деп айтты Гречанин.
Бирок жаш хоккейчилердин ата-энелери телеканалдын жетекчилигине даттанышты.
Омскидеги маалымат каражаттары жазгандай, ал осол окуядан кийин Орусиянын Хоккей федерациясы текшерүү баштады. Андан тышкары улут жана дин аралык жек көрүүнү козутуу беренеси менен иш козголушу мүмкүн.