Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу долбоорун 2030-жылга чейин узарткан планды сунуш кылды. Документ XX кылымдын ортосунан бери уран казылган, кайра иштетилген жерлердин экологиялык жана санитардык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.
2017-жылдан берки пландын жаңыланган үчүнчү редакциясы мыйзамдык-нормативдик базаны, техникалык потенциалды чыңдоого жана жерди коопсуз пайдаланууга узак мөөнөттүк мониторинг жүргүзүүгө көңүл бурат. Ошондой эле мурдагы планга кирбей калган коркунучу азыраак жерлер да камтылган.
Биринчи план ишке киргенден бери эң ири төрт кенде Кыргызстандагы Миң-Кушта, Шакафтарда жана Өзбекстандагы Чаркесар менен Янгиабадда рекультивациялоо жүргүзүлдү. Ушул тапта Майлуу-Сууда иш уланууда. Ал долбоор 2032-жылга чейин уланат. Тажикстанда Истиклолдо тазалоо башталса, ал эми Дегмайда иш ордунан жыла элек.
Евробиримдик Экологиялык рекультивациялоо фонду аркылуу ири донор саналса, КМШ өлкөлөрү жана "Росатом" мамлекеттик корпорациясы дагы бул долбоорго колдоо көрсөтөт. Бирок каржылоонун аздыгынан улам Тажикстандагы кооптуу объектилердеги иштер бүтпөй турат.
"Жаңы план МАГАТЭнин коопсуздук нормаларына ылайык объектилерди рекультивациялоону узак мөөнөткө башкаруу үчүн ресурстарды көбөйтүүгө багытталган", - деди эл аралык уюмдун Радиациялык, транспорттук жана калдыктардын коопсуздугу боюнча департаментинин башчысы Хильдегард Ванденхове.
МАГАТЭ бул долбоорду Уран калдыктары боюнча иштеген топ (CGULS) жана айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы эл аралык өнөктөштөр менен координациялайт.