Аба ырайы: кар жаайт, тоолуу жолдордо көчкү коркунучу бар

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидрометтин чукул билдирүүсүнө ылайык, 16-январда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын мол жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

17-18-19-январда абанын температурасы кескин төмөндөп: өрөөндөрдө түнкүсүн -25°, күндүз -15° чейин түшөт.

Күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Ак-Таш, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Каракол-Эңилчек жана Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад жолдорунун ашууларында да кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу зарыл.

16-январда түнкүсүн Талас, Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан, кар жаайт. Түнкүсүн жана эртен менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн-1°…+1°, күндүз 4…6° жылуу болот.

Дагы караңыз

Маданият министрлиги телеканалдарга кыргыз тили боюнча талапты эскерттиЖаңыл Жусупжандын “Топоз, Уаз жана Биз” аттуу китеби жарык көрдүКөчмөндөр оюндарына көкбөрү жана көкпар да киргизилдиМАГАТЭ Борбор Азиядагы уран калдыктарын тазалоо планын 2030-жылга чейин узартат Акыйкатчы чет элдиктер кармалуучу жайга кире албай жатышканына тынчсызданууда