Бишкекте жатаканада өрт чыгып, бир чет өлкөлүк жаран каза болду

Иллюстрация сүрөт.

16-январь күнү Бишкектин Свердлов районунда жайгашкан 3 кабаттуу жатаканадан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен саат 10:20да толук өчүрүлдү. Тилсиз жоо болжол менен 20 чарчы метрди каптаган.

Өрт өчүрүлгөн кезде 24 жаштагы чет өлкөлүк жарандын сөөгү табылган. Дагы 38 адам эвакуацияланды.

Адистер өрттүн келип чыгуу себебин жана келтирилген материалдык зыяндын суммасын тактап жатканы кабарланды.

Бишкекте 2-январда да чет өлкөлүк студенттер жашаган жатакана өрттөнгөн. Анда жашаган 150 студент толугу менен эвакуацияланган, жабыркагандар болгон эмес.(ZKo)

Дагы караңыз

Сот журналисттин чет өлкөдөн дарыланып келүү суранычын четке кактыГермания орусиялык "көмүскө флоттун" танкерин Балтика деңизине өткөрбөй койду"Бул эл берген микрофон". Депутаттын жообуТрамп Иранда өлүм жазасы токтоорун айтты, аскердик аракет ыктымалдыгын четке каккан жокБишкекте мектепте мугалим окуучуну сабаган окуяны комиссия иликтейт