Ашууларда жол ачык, каттам бар

Тоодогу кум себилген жол. Январь, 2026-жыл. (Сүрөт Транспорт жана байланыш министрлигине таандык)

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы 16-январда Кыргызстандын тоолуу жолдорундагы ашууларда жол ачыктыгын, каттам бар экенин кабарлады.

Министрликке караган “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканалары тоолуу жолдордо тазалоо, тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатат.

Айдоочуларга кандай кырдаал жаралбасын, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо жана керектүү шаймандарды ала жүрүү эскертилүүдө.

Тоодогу жолдорго кум себүү. Январь, 2026-жыл.

Кыргызгидрометео ишканасы 16-январда өлкө аймагында жаан-чачын катуу жаашы күтүлүп жатканын, 17-19-январь күндөрү абанын температурасы кескин өзгөрөрүн кабарлаган. Тоолуу жолдорго күрткү чогулушу жана кар көчкү түшүү коркунучу бардыгы эскертилген.(ZKo)

Дагы караңыз

Бишкекте жатаканада өрт чыгып, бир чет өлкөлүк жаран каза болдуГермания орусиялык "көмүскө флоттун" танкерин Балтика деңизине өткөрбөй койдуТрамп Иранда өлүм жазасы токтоорун айтты, аскердик аракет ыктымалдыгын четке каккан жокБишкекте мектепте мугалим окуучуну сабаган окуяны комиссия иликтейтАКШ санкция тизмесине Ирандын беш аткаминерин киргиздиАКШда кыргыз элчиси визалык жаңы чектөөлөр боюнча сүйлөшүү өткөрдү