Украина жана Орусия Запорожье АЭСи аймагында атышпоону макулдашты

Запорожье АЭСи. Архив сүрөт.

Орусия менен Украина БУУнун Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) ортомчулугу аркылуу Запорожье атомдук электр станциясы (ЗАЭС) жайгашкан аймакта атышпай турууну макулдашты. Бул тууралуу агенттиктин башчысы Рафаэл Гросси 16-январда билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим электрди өткөрүү үчүн колдонулуучу линиялардын калган акыркысын оңдоо максатында кабыл алынды.

"Украиналык электр тармагы операторунун техникалык адистери 2-январдагы аскердик аракеттердин айынан бузулуп, өчүрүлгөн 330 кВ линиясын оңдоо иштерин жакынкы күндөрү баштайт", - деп айтылды билдирүүдө.

ЗАЭС Европадагы эң ири атомдук электр станциясы. Ал жалпы кубаттуулугу 6000 МВт болгон алты энергия блогунан турат. Орусия Запорожье атомдук электр станциясын 2022-жылдын мартында, Украинадагы согуш башталгандан көп өтпөй басып алган, ошондон бери ишкананы "Росэнергоатом" башкарууда.

Станциянын бардык реакторлору өчүрүлгөн, бирок алар дайыма муздатууну талап кылат. Муздатуу системасы электр энергиясы менен тыштан камсыздалат.

Дагы караңыз

Аптанын эки окуясы: Ирандагы окуялар, Кыргызстандагы чиновниктердин декларациясы "Элдин үнү угулбай калды". Митинг-пикеттерди чектөө мөөнөтү дагы узартылдыРамзан Кадыровдун уулу жол кырсыгына кабылганы кабарландыУКМК курал сатып алууда келтирилген 2,7 млн евро чыгым кайтарылганын билдирди