Кыргызстанда 150 миңдей жарандын жеке идентификация номери ката берилген

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 150 миңдей адамга жеке идентификациялык номери (ПИН) каталар менен берилген. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары Эрнест Досалиев 19-январда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында билдирди. Анын сөзүнө караганда, мында жарандардын күнөөсү болгон эмес.

Депутат Гүлшаркан Култаева андай катачылыктарды оңдоп, жаңылоодо жеке идентификациялык номери алмаштырылган жарандар пенсия же башка жеңилдиктерди алууда кандай абалда каларын сурады.

Досалиев системада мурунку катачылык менен берилген номурлар да сакталып кала берерин белгиледи:

"Бизде бир кездерде Соцфонд тарабынан 150 миңдей адамга ката берилип калган жеке идентификациялык номурлар сакталуу. Ал жерде жарандын күнөөсү жок, ошондуктан, ката берилген номер кийинки оңдолгон номурлар менен бирдей эле жаранга күболүк берип, кызмат кыла берет. Жарандын мурдагы төлөмдөрү жокко чыгып кетпейт, ПИН жаңыланганда эскиси өчүрүлгөнү менен системада ал "бөгөттөлгөн, колдонулбайт" деп кызыл түс менен сакталып калат. Жеке идентификациялык номер жарандын жеке арызынын негизинде гана өзгөртүлүшү мүмкүн, анын эркинен тышкары ПИНи алмаштырылбайт", - деди Досалиев.

Депутат ката берилип калган номерлери, алардын оңдолуп, жаңыланганы тууралуу жарандын өзүнө толук эскертилип, ал эми тийиштүү мекемелерге бул тууралуу так маалымат берилиши зарылдыгын белгиледи.

Мурдагы убактарда бир жаранга бир нече ирет ПИН берилген учурлар да катталган.

Кыргызстанда жарандарга жеке идентификациялык номер 2015-жылдан бери туулгандан тарта бериле баштаган. 2015-2020-жылдар аралыгында балдарды ПИН менен камсыздоо иштери жүргүзүлгөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Декларация: мамлекеттик кызматтагы расмий миллиардерлерАпта Азаттыкта: Ирандагы окуялар эмне менен аяктайт? Ооганстан-Пакистан чыңалуусу Бээжинге кандай таасир этет? УКМК реабилитациялык борбордо бейтаптарга ырайымсыз мамиле жасалганын билдирдиИспанияда поезддердин кагылышуусунан кеминде 39 адам мерт кетти