Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебине ылайык, 2025-жылдын январь-декабрында Кыргызстандын ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү 1 трлн 976,4 млрд сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 11,1 %га жогорулады. Бул тууралуу мекеменин 19-январда тараткан маалыматында айтылат.
ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактарынын жана продукттарга болгон таза салыктардын эсебинен камсыз кылынды.
Дүң продуктунун түзүмүндөгү эң чоң үлүш (51% ашык) кызмат көрсөтүү тармактарына туура келди. 34,4 % товар өндүрүү, калганы башка тармактар.
Кыргызстандын бийлиги ички дүң продукт өлкө тарыхында биринчи ирет – 2023-жылы 1 трлн сомдон ашканын маалымдап, кийинки жылдары сумма дагы да жогорулай турганын билдирген.
Президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндөгү жарлыгы тууралуу коомчулукка кайрылуу жолдоп, ички дүң өндүрүмдү кеминде 30 миллиард долларга жеткирүү керектигин билдирген. Учурда Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү АКШ валютасына чакканда 20-21 млрд доллардын тегерегинде болот.
ИДП – жашылча, мөмө-жемиштерден баштап, кен байлыктарга чейин өлкөдө өндүрүлгөн бардык товарлардын жана транспорт, туризм, соода сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү. (ErN)