Токаев Трамптын «Тынчтык кеңешине» кирүү сунушун кабыл алганы кабарланды

Касым-Жомарт Токаев

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамптын «Тынчтык кеңешине» кирүү сунушун кабыл алганын расмий Астанага шилтеме менен "Рейтер" агенттиги жазды. Маалыматка караганда, Токаев Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу жана глобалдык стабилдүүлүктү бекемдөө аракеттерине салым кошууга даярдыгын айтып, америкалык президентке чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Рейтер" тактагандай, «Тынчтык кеңешин» Трамп түбөлүк жетектейт деп күтүлүүдө. Алгачкы маселе катары Газа тилкесиндеги жаңжал каралмакчы, кийин анын форматы кеңейтилип, башка маанилүү эл аралык кризистер камтылат.

Агенттик сөз болгон кеңешке чакыруу 60 мамлекетке жөнөтүлгөнүн маалымдады.

Ал ортодо орус президенти Владимир Путинге да кеңешке кирүү сунушу түшкөнү маалымдалды. Кремлдин басма сөз качысы Дмитрий Песковдун айтымында, «дипломатиялык каналдар» аркылуу түшкөн сунуштун «чоо-жайы каралууда».

Сынчылар «Тынчтык кеңеши» Трамп сындап жүргөн БУУга атаандаш катары түзүлүп жатат деп чочулашат.

Ушул эле күнү кеңешке чакырууну Беларустун лидери Александр Лукашенко да алганы белгилүү болду. Анын маалымат катчысы Лукашенко сунушту оң кабыл алганын билдирди.

Буга чейин «Тынчтык кеңешинде» туруктуу орунга ээ болууну каалагандар бир млрд доллар акы төлөшү керектиги тууралуу маалымат тараган. Атын атабаган америкалык аткаминер чогултулган каражат Газа тилкесин калыбына келтирүүгө жумшаларын айткан. Бирок Ак үй бул кабарды төгүнгө чыгарды.

Дагы караңыз

Гренландия: НАТОдогу өнөктөштөргө ишенебиз Жолдошова менен Шайназаровдун кайым айтышы эмнеден тутанды? Одессада Орусиянын соккуларынан кийин 30 миңден ашуун киши электрсиз калды