Электрондук аскердик каттоо киргизилип, аскердик билеттер санариптештирилет

Коргоо министрлигинин жоокерлери. Техникаларды тапшыруу аземинде тартылган сүрөт. 20-январь, 2025-жыл.

Кыргызстандын Коргоо министрлигин санариптештирүүнүн биринчи этабынын алкагында документ жүгүртүү, жарандык кадрларды эсепке алуу онлайн жүргүзүү ишке ашырылып, аскердик каттоо процесстери иретке келтирилди. Бул тууралуу 20-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Коргоо министрлигине жаңы автотранспорт каражаттарын тапшыруу аземинде билдирди.

Аскердик каттоонун электрондук системасы беш аскер комиссариатында пилоттук түрдө ишке киргизилди. Март айына чейин ал кошумча 25 аскер комиссариатына жайылтылат. Аскердик билеттерди санариптештирүү башталды.

Адылбек Касымалиев аземдеги сөзүндө өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү акыркы жылдары кыйла чыңдалганын белгиледи. Анын белгилешинче, Куралдуу күчтөрдүн бюджети 2018–2019-жылдарга салыштырмалуу 300%дан ашык өскөн.

Каражаттар биринчи кезекте материалдык-техникалык базаны чыңдоого, армияны заманбап курал-жарак жана техника менен жабдууга, аскер бөлүктөрүнүн, аскер шаарчаларынын, гарнизондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталды. Заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде абадан коргонуу каражаттары жана радиоэлектрондук күрөш системалары сатылып алынган.

20-январда Коргоо министрлигине 81 даана техника өткөрүлүп берилди. Алар: 36 Chevrolet Cobalt жүк ташуучу унаасы, 19 JAC T-6 унаасы, 18 “Газель” фургону, 5 экипаж автобусу жана 3 JAC Sunray кичиавтобустары. (ErN)