Жапониянын Нара шаардык сотунун чечими менен мурдагы премьер Синдзо Абэни атып өлтүргөн киши өмүр бою абакка кесилди.
"Киодо" агенттиги жазгандай, 45 жаштагы Тэцуя Ямагами Абэни колго жасалган курал менен атканын моюнга алган. 2022-жылы Нарада болгон окуядан кийин Абэ ооруканада үзүлгөн.
Сотто айыпталуучунун актоочулары аны 20 жылдан ашуун убакытка эркинен ажыратууну сурады.
Адвокаттар "Ямагами диний топтун зомбулугунун курмандыгы болгон, анын бала чагында баштан өткөргөн тагдыры Абэни өлтүрүүгө түрткөн" деген жүйө келтиришти.
Айыпталуучу өзү Синдзо Абэни "Чиркөө биримдиги" диний уюму менен байланышы бар деп эсептегенин, Ямагаминин апасы ага 100 миллион иена (633 миң доллар) кайрымдуулук кылганын, бул аракети үй-бүлөнүн каржылык жактан оор акыбалга кептелишине алып келгенин айтты.
Премьердин өлүмүнөн кийин "Чиркөө биримдигинин" айланасындагы мыйзамсыз иштер, уюм мүчөлөрдү кайрымдуулук кылууга мажбурлаганы ачыкка чыккан.
Бийликтин эсебинде, аталган уюмдун аракетинен 169 киши жапа чеккен, аларга келтирилген жалпы сумма 2,4 миллиардай иенаны түзгөн. Сот "Чиркөө биримдигин" диний уюм макамынан ажыратып, аны таратуу тууралуу чечим чыгарган.
Жапонияда кайрымдуулук чогултууда элдин башын айландырган тажрыйбаны чектеген мыйзам кабыл алынган.