АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер 22-январда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Москвага барууну көздөп жатат.
Бул тууралуу Уиткофф CNBC менен маегинде билдирди. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков анын сөзүн ырастады.
Стив Уиткоффтун айтымында, жолугушуу орус тараптын суранычы менен ишке ашканы турат. Бул Украинадагы согушту тынчтык жол менен жөнгө салууда маанилүү.
Уиткофф менен Кушнер 20-январда Швейцариянын Давос шаарындагы экономикалык форумдун алкагында Путиндин өкүлү Кирилл Дмитриев менен кезиккен. АКШнын өкүлдөрү ага чейин Украинанын делегациясы менен да жолугушкан.
Буга дейре эки өкүлдүн январдын аягына чейин Москвага барары кабарланган, так күнү белгисиз болчу.