“Адам өмүрүн коргоо мен үчүн эң кымбат"

Европа кеңешинин баш катчысы Ален Берсе Азиза Абдирасулова сыйлык тапшырып жатат, 21-январь, 2026-жыл

Кыргызстандык белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасуловага 21-январда Европа кеңешинин Раул Валленберг атындагы сыйлыгы тапшырылды.

Еврокеңештин билдирүүсүндө Абдирасулованын Борбор Азиядагы “адам укуктарынын системалуу бузулушун ачыкка чыгаруудагы теңдешсиз аракеттери”, өзгөчө абактагылардын укуктарын, жарандардын эркин чогулуу укуктарын коргоо, кыйноолорго каршы күрөштөгү талыкпаган эмгеги жогору бааланганы белгиленет.

Страсбургда сыйлык тапшыруу салтанатында Европа кеңешинин баш катчысы Ален Берсе Абдирасулованын эрдигине жана ынтызарлыгына, тобокелдикке карабай адамдардын фундаменталдуу укуктарын коргоого берилгенине басым жасады.

“Кыргызстандагы биринчи көз карандысыз укук коргоочулардын бири катары Азиза Абдирасулова унчукпай отурбай, кыйноо жана негизсиз кармоолор болгон учурларды такай документтештирип жүрдү. Жогорку деңгээлдеги геосаясий өзгөрүүлөр жана кризистер өкүм сүрүп турган маалда Раул Валленберг атындагы сыйлык укук коргоочуларга кайрадан көңүл бурдурат".

Берсе укук коргоочу коркутууларга жана куугунтукка моюн сунбаганын белгиледи.

Ал Абдирасулова түптөгөн “Кылым шамы” уюму адам укуктарын бузуу учурларын ашкерелегенин, жапа чеккендерге укуктук жардам бергенин, өлкөнүн ичинде жана сыртында таанылганын кошумчалады.

Азиза Абдирасулова сыйлыкты алып жатып: “Раул Валленбергдей эле мен үчүн да ар бир куткарылган өмүр эң кымбат... Укук коргоо ишмердигим профессионалдуу тажрыйбаны гана эмес, жеке каармандыкты талап кылган. Кыйноолорго күбө болгон сайын жабыркагандарга колуман келишинче жардам берүүгө аракеттенгем", - деди.

"Азаттык" Страсбург шаарына телефон чалып, Азиза Абдирасулованы абройлуу сыйлыгы менен куттуктап, микрофон сунду.

- Мен үчүн чынында күтүлбөгөн окуя болду. Ден соолугума байланыштуу келейинби же келбейинби деген дагы суроо турду. Бирок ошого карабастан келгениме өкүнбөйм, себеби өтө жогорку деңгээлде уюштурулуп, өтө жогорку деңгээлде сыйлык тапшырылды. Европа кеңешинин баш катчысы өзү сүйлөп, өзү тапшырды. Атайын жети адамдан турган комиссия бар экен, ошолор сыйлыкты кимге ыйгаруу боюнча чечим кабыл алышыптыр. Себеби, бул сыйлыкка талапкер болуп көрсөтүлгөндөр өтө көп экен. Анан ошолордун ичинен мен тандалыптырмын. Ошол комиссиянын төрагасы, Венгриянын элчиси жана Швециянын элчиси катышып, сөз сүйлөп куттукташты.

Сыйлык тапшыруу аземинде менин адам укугун коргоо жаатындагы ишмердигим тууралуу кеңири айтылды. Мен кыска беш мүнөттөй сөз сүйлөдүм. Эң маанилүүсү Кыргызстандагы тынч жыйындарга салынган тыюулар, жабык жайлардагы кыйноо фактылары, өлүм жазасын кайра кайтаруу демилгелери тууралуу айттым. Саясий өңүттөгү козголгон иштерге “жашыруун грифи” коюлганын, сот иштери жабык эшик артында өтүп жаткан фактыларга өз сөзүмдө токтолдум.

Страсбургга келгенден бери бир топ жолугушуулар болду. Анын ичинде студенттер менен жолугушуп, Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, Борбордук Азиядагы, мурунку постсоветтик мамлекеттердеги абал, демократиялык принциптер, кыйынчылыктар жөнүндө суроолор берилди. Аябай кызыктуу жолугушуу болду. Андан башка, Европа кеңешинин катчылары менен жолугуштук.

Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында абдан жемиштүү жолугушуу өттү. Страсбургга иш сапарым пландаштырылганда Европа сотунун иши менен таанышкым келди эле. Кечээ эң акыркы мүмкүнчүлүк ошол жерде түзүлдү. Ал жердин кызматкерлери имараттарын көрсөтүп, сотто чечим кандай кабыл алынат, таанышып чыктым. Жолугушуулар учурунда байкаганым, Кыргызстандагы, Борбордук Азиядагы абал боюнча маалыматтар арбын экен, - деди Абдирасулова.

  • Раул Валленберг атындагы сыйлык 2014-жылдан бери Швециянын бийлиги жана Венгрия парламентинин демилгеси менен эки жылда бир жолу тапшырылат. Будапештте иштеген швециялык дипломат Валленберг Экинчи дүйнөлүк согуш маалында макамынан пайдаланып, он миңдеген жөөттү Холокосттон куткарып калган. Аны 1945-жылы советтик армия кармаган соң дайынсыз кеткен.