Жогорку Кеңеш 22-январдагы жыйынында башка мыйзамдар менен чогуу “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоорун биринчи окууда карады. Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков документ жөнүндө баяндама жасап, мында жашыл экономикага инвестиция тартуу үчүн жеңилдиктер каралып жатканын айтты.
Депутат Махабат Мавлянова Ноокат районунда электр энергиясы күн алыс убак-убагы менен өчүрүлүп жатканын белгилеп, “кезектештирип өчүрүү барбы?” деп сурады.
Алтынбек Рысбеков “Кыргызстандын эч бир жеринде кезектештирип өчүрүү жок” деп жооп берди. Эл өкүлү “анда неге жарык өчүп жатат?” деген мааниде кайра сураганда министрдин орун басары аны тактап, депутаттын өзүнө жооп берерин билдирди.
2025-жылы Токтогул суу сактагычында суу аз топтолуп, ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда “Акылдуу эсептегичтерде” 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.
6-ноябрда электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да киргизилген. Ага ылайык, бул мекемелер саат 18:00дөн 06:00 аралыгында жарыкты жана электр шаймандарын иштетүүнү чектей турган болгон.
Өкмөттүн маалыматына караганда быйыл 15-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,102 млрд куб метрди түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,631 млрд куб метрге аз. Адистер суунун жетишсиздиги электр энергиясын иштеп чыгуунун мындан ары да төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн экенин эскертүүдө.
Кез-кезде Бишкекте жана аймактарда ар кайсы жерде жарык өчүп калып жаткан жөнүндө кабарлар чыгып калат. Бийлик өкүлдөрү жана Энергетика министрлиги муну дайыма техникалык кезектештирип өчүрүү эмес, жөнгө салуучу чаралар деп атап келет. (ErN)