Канадалык Silvercorp Metals Чаарат алтын кенин иштетүү лицензиясынын 70% сатып алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Канадалык Silvercorp Metals Inc. ишканасы британиялык Chaarat Gold Holdings Limited компаниясы менен акцияларынын 70% сатып алуу, ал эми Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен кызматташтык келишимине кол койду. Макулдашууларга ылайык, канадалык ишкана Чаарат алтын кенин иштетүүгө 100% ээлик кылган "Чаарат ЗААВ" компаниясынын акцияларынын 70% сатып алган. Жалпы акциялардын баасы 162 млн долларга турганын, 7 чарчы чакырымга барабар аянтта Түлкүбаш жана Кызылташ алтын кен долбоорлору жайгашканын канадалык Silvercorp компаниясы сайтына жарыялады.

Маалыматта компания андан тышкары Тянь-Шандагы 27,42 чарчы чакырым аянттагы алтын кен аймактарын чалгындоого мүмкүнчүлүк алды.

Ошондой эле ишкана туунду компаниялары аркылуу "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасы менен да келишим түзгөнүн жарыялады, ага ылайык, Silvercorp Metals "Кыргызалтын" менен биргелешкен ишкана түзөт. Silvercorp Metals ишкананын 70% акциясына, ал эми "Кыргызалтын" 30 пайызына каржылык милдеттенмеси жок ээлик кылат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги кызматташуудан 70 млн доллар алат. Анын биринчи траншы - 60 млн доллар кыргыз өкмөтү аталган долбоорлорго мыйзамдуу ээлигинен баш тартып, биргелешкен ишкананын лицензиясын 2032-жылдан 2062-жылга чейин узартканда берилет.

Экинчи траншы - 10 млн доллар башка тийиштүү этаптар бүткөндөн кийин берилет.

Акцияларды сатып алуу келишимине ылайык, "Чаарат" компаниясы Silvercorp ишканасынан 92 млн долларды Кыргызстандын өкмөтү долбоорлордон баш тарткан шартта накталай түрүндө алат.

Маалыматта Silvercorp Metals Inc компаниясынын башкы директору Руи Фен Батыш Тянь-Шань аймагындагы "ачылбаган алтын кендериндеги долбоорлорду иштетүүдө Chaarat командасы жана кыргызстандык өнөктөштөрү менен бардык тараптардын кызыкчылыктары үчүн жемиштүү кызматташа аларына үмүтүн" билдиргени айтылат.

Компаниянын маалыматына ылайык, кенди иштетүү 2026-жылы Түлкүбаш алтын кенинен башталат.

Азырынча Кыргызстандын Инвестицияларды өнүктүрүү фонду бул ишкана менен келишим түзүлгөнү тууралуу маалымат бере элек.

Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Чаарат жана Үңкүрташ кендеринде 100 тоннадай алтын бар экенин билдирген.

Чаарат алтын кени Чаткал районунун аймагында жайгашкан. Азыр андагы алтынды казуу лицензиясына 100% "Чаарат ЗААВ" ишканасы ээлик кылат. Чет элдик катышы бар ишкана Кыргызстандын Юстиция министрлигинен 2022-жылы ноябрь айында каттоодон өткөн. Компаниянын жетекчиси Салтанат Иманова.

Silvercorp Metals Inc - Канадада жайгашкан кен казуучу ишкана, алтын жана күмүш казуу менен алектенет. Долбоорлорун негизинен Кытайда жана башка өлкөлөрдө ишке ашырып келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 8,8 млрд доллардан ашты"Медиазона": Орусияда сот "Москва" крейсери украин чабуулунан кийин чөккөн деп таптыПутин Трамптын атайын чабармандары менен жолугуштуТрамп Гренландия "Кытайга же Орусияга өтпөшү үчүн аны коргоп калуу керек экенин" айттыАба сапатын жакшыртуу аракеттери тууралуу маалымат берилди