U-20: Кыргызстандын хоккейчилери III дивизиондун В тайпасында чемпион болду

U-20: Кыргызстандын хоккейчилери III дивизиондун В тайпасында чемпион болду

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер (U-20) арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медал утуп, чемпион болду.

Мелдештин жүрүшүндө Кыргызстандын курама командасы Гонконгду 4:1, Түштүк Африканы 7:2, Иранды 15:1, Люксембургду 5:3 жана Мексиканы 7:4 эсебинде утту.

Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандык спортчулары 15 упайдын барын топтоп, турнирдик жадыбалда биринчи орунду алып, үчүнчү дивизиондун В тайпасында дүйнө чемпиону аталды.

Муну менен Кыргызстандын жаштар курама командасы кийинки сезондо дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун А тайпасында ойноо укугуна ээ болду. Алты улуттук курама команда катышкан турнир 18-24-январь күндөрү Бишкек шаарында өттү. (BTo)

Дагы караңыз

Камакта жаткан экс-депутат Кубанычбек Кадыров үй камагына чыктыБишкекте "Туткун" аттуу көркөм тасманын бет ачары өттү Казакстанда студент кыздын өлүмү боюнча дагы бир кылмыш иши козголдуИрандын "көмүскө флотуна" АКШнын санкциясы киргизилдиЗеленский Украина бир түндө 370 дрон жана 21 ракета менен аткыланганын айтты