Белгилүү уз, этнограф Айдай Асангулова 48 жашында каза болду. Бул тууралуу ал түптөгөн “Кийиз дүйнө” фондунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, чебер катуу оорудан улам дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү 27-январда кичи мекени Тоң районунун Кызыл-Туу айылына коюлат.
Асангулова Бишкектеги Курулуш, архитектура жана транспорт университетин аяктаган соң кыргыздын кийизден жасалган мурастарын изилдөө, жайылтуу боюнча иш алпарган. 2010-жылы “Кийиз дүйнө” деген фонд ачып, бир нече көргөзмөлөрдү уюштурган.
Кийизден жасалган улуттук кийим-кечелерди жайылтуу боюнча бир нече долбоорлорду ишке ашырган. Маркумдун артында жашы жете элек эки баласы калды.