Орусиянын Славянск-на-Кубани шаарында эки ишкананын аймагында дрон калдыктары кулагандан кийин өрт чыкты. Бул тууралуу Краснодар аймагынын ыкчам штабы билдирди. Маалыматта бир киши жараат алып, ооруканага жеткирилгени айтылат.
Украиналык мониторинг жүргүзгөн Exilenova+ жана Supernova+ Телеграм каналдары дрондор мунайды кайра иштетүүчү заводду бутага алганын жазып чыгышты.
Аталган шаарда "Славянск Эко" ири мунай заводу жайгашкан. Украиналык күчтөр буга чейин да ишканага чабуул коюшкан. 2024-жылдын апрелинде дрон соккусунан кийин завод ишин жарым-жартылай токтоткон.
Жергиликтүү бийлик Славянск-на-Кубани шаарында "дрон калдыктарынын кулашынан" жер үйлөргө зыян келтирилгенин, бир нече тамдын терезелери күбүлүп, биринин чатыры тешилгенин кабарлады.
Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болот. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.
Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясын каржылоо булагы деп эсептелген мунай заводдорун маал-маалы менен бутага алып келет.