Ала-Букада бир үй-бүлө көмүр исине ууланып каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 26-январда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында турак жайдан бир үй-бүлө көмүрдөн чыккан иске ууланып каза болгонун билдирди.

Мекеменин маалыматында кырсыктан 32 жаштагы эркек киши, 24 жаштагы келин каза таап, алардын бир жана эки жаштагы кыздары чарчап калган. Окуя болгон үйдө Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүүдө.

2025-жылы декабрь айында эле Оштун Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагында үч бала көмүр исине ууланып каза болгон. Алты, үч жана бир жаштагы бир туугандардын өмүрү кыйылып, алардын 27 жаштагы апасы сегиз жаштагы кызы менен ооруканага түшкөн.

Кыргызстанда кыш мезгилинде иске ууланган учурлар утур-утур катталып турат. Былтыр апрелде да Чоң-Алай районунда бала бакчанын отканасында 40 жаштагы киши 14 жаштагы уулу менен ушундай жагдайда жан берген. (BTo)

Дагы караңыз

Жогорку сот Махабат Тажибек кызынын ишин карайтКыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан мектеп куруу үчүн 50 млн доллар насыя алатКраснодарда дрон чабуулунан кийин мунай заводунда өрт чыкты Франция Украинага Rodeur 330 үлгүсүндөгү дрондорду берди Сот Шайлообек Атазовду жана дагы бир шектүүнү үй камагына чыгардыБишкектеги мейманканада бычакталган кыз каза болдуБишкектин башкы планы боюнча өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга чыктыИИМ депутат Сулаймановдун мурдагы жубайымын деген Азаматованын окуясын териштирип баштады