Орусияда 2025-жылдын башынан бери чет элдик жарандар 10% же 6,3 миллиондон 5,7 миллионго чейин азайды.
Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграциялык кызматына караштуу талдоо борборунун башчысы Александр Пережогин "Жаңы миграциялык саясат" деп аталган жыйында билдиргенин "Ведомости" жазды.
Анын айтымында, мигранттардын азайышы өлкөдө жашы жете элек чет элдиктердин саны дээрлик 25% кыскарганы менен байланыштуу.
Акыркы жылдарда Орусияда миграциялык саясат катаалдашып, чет элдиктердин балдарын орус тилинен сынак тапшырмайынча мектепке кабыл алууга тыюу салынган. Мунун жыйынтыгында былтыр сентябрда мигрант балдардын 87,5% мектепке кире албай калган. Арасында кыргызстандыктар да бар.
2024-жылы Москвадагы "Крокус сити холл" концерттик залындагы кол салуудан кийин Орусияда мигранттарга, негизинен борбор азиялык келгиндерге мамиле катаалдашкан, ксенофобия өсүп, акыркы айларда ондогон, миңдеген чет элдик жарандар ар кандай негиздер менен өлкөдөн чыгарылган.
Расмий версияда кол салууну тажик жарандары ишке ашырганы айтылып келет.