Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек шаарындагы кафе жана ресторандардын өкүлдөрү менен баа маселесин талкуулады.
Антимонополиянын маалыматында, 2026-жылдын январь айында айрым кафе- ресторандарда тамак-аштын баасы 15% ашык кымбаттады. Ишкерлер муну ижара акысынын жогорулашы, коммуналдык кызматтардын тарифтеринин жана күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын өсүшү, тамак-аш даярдоодо колдонулуучу азык-түлүктүн кымбатташы, чарбалык чыгымдардын, кызматкерлердин айлыгынын жана салык төлөмдөрүнүн көбөйүшү менен байланыштырып жатышат.
Жыйында коомдук тамактануу жайларында бааны жөнгө салуу, даяр тамакты өзү алып кеткендерге жана буюртма кылгандарга 10% арзандатуу кылуу чечими кабыл алынды.
Кафе-ресторан иштеткен ишкерлер продукцияны жана кызматтарды аш тизмеге (ред: меню) же ассортименттик тизмеге ылайык сатышы керек. Аш тизмеде тамак-аштын баасы, салмагы так көрсөтүлүшү зарыл. Продукциянын баасын ишкерлер өзү коёт.
1-январдан тартып Кыргызстандагы коомдук тамактануучу жайларда, кафе-ресторандарда кызмат көрсөтүү акысын кардарлардан алууга тыюу салынган. Бирок коомчулукта тейлөө акысы алынбаганы менен, аны тамак-аштын баасына ашыра кошуп салышты деген нааразылык күч алган. Ушундан улам баалар кескин кымбаттап кетти. (BTo)