Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматы билдиргендей, 2025-жылы иш учурундагы түрдүү кырсыктардан 161 жабырлануучу катталган. Алардын ичинен 94 адам оор жаракат алып, 63 адам каза болгон. Каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө 111,057 млн сомдук кенемте төлөнүп берилген.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, былтыр 1173 текшерүү жүргүзүлүп, 1885 эмгек мыйзамдары бузулганы аныкталган.
Эмгек мыйзамын бузган тараптарга жалпысынан салынган айып пулдун суммасы 8,838 млн сомду түзгөн болсо, анын 6,936 млн сому өндүрүлгөн.
Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматына эмгек укугу бузулганына даттанып, 1306 жаран кайрылган.
27-январь күнү Таластагы Жерүй алтын кенинде тоо тек кулап, 50 жаштагы адам набыт болгон. Дагы үч киши түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети курулушта иштеген жумушчулардын коопсуздугу корголбогондуктан, тармакта түрдүү кырсыктардан каза тапкан жумушчулар көбөйгөнүн билдирген. (ZKo)
Өндүрүштө былтыр 90дон ашуун киши оор жаракат алып, 63ү каза болду
Бишкек Жылуулук электр борбору жарылуудан кийин. Февраль, 2024-жыл.