Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети 2-февралда "Улуттук банктын кирешелерин которуу жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун карап, шыр эле үч окуудан кабыл алды. Мыйзам долбоор эми парламенттин жалпы отурумунда каралат.
Мыйзам долбооруна ылайык, Улуттук банк кирешесин 100% мамлекеттик бюджетке өткөрүп берет. Буга чейин банк кирешесинин 90% өткөрүп келген.
Жыйында башкы банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров быйылкы көз карандысыз аудит жүргүзүлө электигин айтып, 2025-жылкы киреше толук эсептеле электигин айтты.
Депутат Дастан Бекешев былтыр Улуттук банк кирешеси катары былтыр 45 млрд сомдон ашуун акча которгонун белгилеп, кирешенин булагына кызыкты:
"Бул суммадагы киреше силерге кайдан түшөт? Мына былтыр Улуттук банктан бюджетке 45 млрд сом которулду, бирок анын баарын ипотекалык курулушка бердик".
Улуттук банктын өкүлү бул эл аралык резервге байланыштуу болгондуктан, жоопту кат түрүндө жекече берерин билдирди.
Дастан Бекешев Улуттук банктын кирешесин бюджетке алуу 2017-жылдан бери жүрүп келе жатканын белгилеп, ал акчаны жалаң курулушка сарптабай, мектеп, бала бакчаларга жана башка социалдык муктаждыктарга колдонулса жакшы болмоктугун сунуштады.
Комитет жыйынында айтылган маалыматка ылайык, Улуттук банк 2024-жылы мамлекеттик бюджетке 45,7 млрд сом, ал эми 2023-жылы 12,6 млрд сом которгон.(ZKo)
Улуттук банк кирешесин 100% мамлекеттик бюджетке өткөрөт
Улуттук банк. Иллюстрациялык сүрөт.