Бишкекте "Борбор Азия+АКШ" бизнес форуму ишин баштады

"Борбор Азия+АКШ" бизнес форуму. Бишкек. 4-февраль, 2026-жыл.

"Борбор Азия+АКШ" бизнес форуму 4-февралда Бишкекте башталды. Министрлер кабинетинин орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстан АКШ менен финансы, технология жана башка тармакта кызматташууга кызыкдар экенин айтты. АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча өкүлү Сержио Гор азыркы дүйнөлүк геосаясий шартта Америка Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну күчөтүүгө көп көңүл буруп жатканын, Трамп беш өлкөнүн президенттери менен жолукканы да ошонун белгиси экенин белгиледи.

Форумда Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын да өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

"Борбор Азия+АКШ" бизнес форуму аймакта экинчи ирет өтүп жатат. Алгачкы жолу 2024-жылы Казакстанда өткөн.

Былтыр ноябрь айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Вашингтондо өткөн "С5+1" форматындагы мамлекет башчыларынын жыйынына катышкан.

Анда АКШ Борбор Азиядагы Казакстан, Өзбекстан менен бир нече тармакта ири долбоорлорго кол койгон.(ErN/ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетинин башчысы коррупцияга шектелип кармалдыИрандын кемелери Ормуз кысыгында АКШнын танкерин кармоого аракет кылышты Ливияда Муаммар Каддафинин уулу Саиф Каддафи киши колдуу болдуИнвестиция агенттиги америкалык компания менен Макмал-Каракол темир жолун курууну талкуулады