Орусиянын соккусунан Запорожьеде эки адам мерт кетти, ондон ашуун адам жараат алды

Орусиянын чабуулунан кийинки көрүнүш. Запорожье. 3-февраль, 2026-жыл.

3-февралдын кечинде Орусия Украинанын Запорожье аймагын дрон чабуулуна алды. Облустук администрациянын башчысы Иван Федоров соккудан эки адам мерт кеткенин билдирди.

Маалыматка ылайык, набыт болгондор - 18 жаштагы улан жана кыз. "Кеминде сегиз адам жаракат алды, алардын үчөө жашы жете элек балдар. 15 жаштагы кыздын абалы оор", - деп жазды Федоров.

Кийинчерээк жаракат алгандардын саны 11 адамга жеткени кабарланды. Төрт көп кабаттуу үй жана башка имараттар жабыркаган. Аймак башчысы абадан чабуул тууралуу эскертүү 27 сааттан ашык убакыт уланып жатканын, орус армиясы жарандык инфратүзүмдү бутага алып жатканын белгиледи.

Украинанын президенти Владимир Зеленский шейшембинен кечинде теле аркылуу кайрылуусунда Киев Орусиянын чабуулу боюнча АКШнын жообун күтүп жатканын билдирген.

"Биз Орусиянын соккуларына карата АКШнын реакциясын күтүп жатабыз. Кышкы суукта энергетиканы аткылоону токтото туруу Американын өтүнүчү болчу. АКШ президентинин жеке өзүнүн өтүнүчү эле. Орусия бул өтүнүчкө баллистикалык рекорду менен жооп берип жатканын көрүп турабыз", - деди Зеленский.

АКШ президентинин басма сөз катчысы Кэролайн Левитт Орусиянын Украинага жаңы соккусуна Трамптын реакциясы тууралуу берилген суроого жооп берип жатып президент менен сүйлөшкөнүн айтып, "Тилекке каршы, ал таң калган жок. Бул катаал согуш жүргүзүп жаткан эки өлкө" деди.

Өткөн аптанын башында АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путинден "катуу суук учурунда" украин шаарларын аткылоону убактылуу токтотуп туруусун өтүнгөнүн, Путин макулдугун бергенин жазган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Трамп кат аркылуу Путинден сүйлөшүүлөр үчүн "жагымдуу шарт түзүү максатында" 1-февралга чейин "Киевге сокку уруудан кармана туруусун" өтүнгөнүн ырастаган.

Дагы караңыз

ЕАЭБ: Кыргызстан айрым жеңилдик алды, кезек менен тоскоолдук калды Бишкекте "Борбор Азия+АКШ" бизнес форуму ишин баштадыАвтомектептер маселеси: Депутаттар президенттин популизм тууралуу сынына жооп беришти "Онкологияда көйгөй көп, эл сыртка кетүүдө". Министрдин сыны, адистердин жообуКыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетинин башчысы коррупцияга шектелип кармалдыИрандын кемелери Ормуз кысыгында АКШнын танкерин кармоого аракет кылышты