Кара-Балтанын мэри болуп Алмаз Исаков дайындалды

Кара-Балта шаары.

Президент Садыр Жапаровдун 5-февралдагы жарлыгына ылайык, Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын мэри Азат Салмурбек уулу ээлеген кызматынан бошотулду.

Азат Салмурбек уулу Кара-Балта шаарынын мэрлигине 2025-жылы октябрда дайындалган. Ага чейин Токмок шаарынын мэринин орун басары болуп иштеген.

Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен Кара-Балта шаарынын мэри болуп Алмаз Исаков дайындалды.

Исаков буга чейин Талас облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын жетектеп турган. (ZKo)

Дагы караңыз

АКШ менен Иран сүйлөшүүлөрдүн мазмуну боюнча мунаса таппаганы кабарланды Спикер Жогорку Кеңеш, аткаруу бийлигиндеги маселени президент менен талкуулаганын айтты Өзбекстан: Dark Web’ге миллиондогон кишинин жеке маалыматы жайылып кетти "Күйөөм абакта, карызды мен төлөдүм". Алимент бербеген жаран соттолдуОрус армиясынын соккусунан Донецк облусунда жети кишинин өмүрү кыйылды