Би-би-си: Согушта каза тапкан орусиялыктардын көбү жакыр аймактардын өкүлү

Иллюстрация сүрөт.

Би-би-си орус кызматы жана "Медиазона" Орусиянын Украинадагы согушунда каза болгон аскерлеринин саны боюнча жаңы эсебин жарыялады. Тизмени ачык булактардагы маалыматтарга таянып чогултууга ыктыярчылар да катышып келет.

Соңку маалыматка караганда, орусиялык кеминде 173 477 аскер Украинадагы согушта каза болгону аныкталды, алар боюнча тийиштүү фактылар чогултулду.

Бирок бул сан жоготуулардын чыныгы масштабын чагылдырбай турганы, мерт кеткендер эң кеминде гана ушунчаны түзөрү белгиленди.

Аскердик аналитиктердин белгилешинче, көрүстөндөр, мемориалдар жана некрологдор боюнча чогултулган маалымат курмандыктардын чыныгы санынын 45-65% гана түзөт.

Жаңы макалада курмандыктар Орусиянын кайсы аймагынан экендиги талдоого алынган. Каза болгондордун эң көбү жакыр аймактардын өкүлү экени аныкталган. (RK)

Дагы караңыз

"Ош базарындагы" сатуучулар менен жолугушуу: Жапаров Туманбаевге катуу эскертүү бердиКымбатчылык көйгөйү парламентте көтөрүлдүИИМ айрым эрежелерди бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырарын эскерттиАКШда кыргызстандык мигрант төрт кишинин өлүмүнө айыпталууда