Тажикстан Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүүнү караштырып жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстан Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү комитетинин төрагасы Жамшед Жумахонзода билдирди. Анын айтымында, мындай чара туризмди өнүктүрүү менен катар экономиканын бир катар башка маанилүү тармактарына да салым кошуусу мүмкүн.

Кытай Тажикстан үчүн ири туристтик рынок бойдон калууда. Ошондой эле араб өлкөлөрүнөн, УлууБританиядан, Германиядан, Франциядан, Орусиядан жана Түштүк Кореядан келген туристтердин кызыгуусу өсүп жатканы байкалууда.

2025-жылы Тажикстанга 1,7 миллиондон ашуун турист келген.

Буга чейин Тажикстан Иран менен визасыз каттам режимин киргизген. Ага ылайык, эки өлкөнүн жарандары аба каттамдары аркылуу бири-бирине 30 күнгө чейин визасыз бара алат.

Борбор Азиядагы бир катар мамлекеттер Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизишкен.

Ташкент менен Бээжиндин ортосунда виза режимин алып салуу келишими 2025-жылдын 1-июнунда күчүнө кирген. Ага ылайык, өзбек жана кытай жарандары кирип-чыгуу жана транзит визаларынан бошотулат, бирок ар бир жолу өлкөдө 30 күндөн ашык жүрө албайт.

Ал эми Казакстан менен Кытай ортосунда визасыз режим 2023-жылы эле киргизилген.

Кыргызстанда кытайлыктар жети күн визасыз жүрө алышат.

Дагы караңыз

Куудул Нурлан Сабуровго Орусияга кирүүгө 50 жылга тыюу салындыЖаранды телефондон алдап, батирин саттырган үч киши кармалганын Бишкек милициясы кабарладыОрусиянын Тергөө комитети генерал-лейтенант Алексеевге кол салуу аракети болгонун билдирди