Пакистанда мечиттин жанындагы жардыруудан 31 кишинин өмүрү кыйылды

Пакистандагы кезектеги жардыруунун кесепети. Архивдеги сүрөт.

Пакистандын борбору Исламабад шаарындагы шии мусулмандарынын мечитинде жума намазы окулуп жатканда жанкечтинин жардыруусунан кеминде 31 адам каза болду. Бул тууралуу полиция билдирди. Жаракат алгандардын саны 160 ка жетти.

Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдө мечиттеги жерге төшөлгөн килем канга боёлуп, айнектери сынып, ар кандай калдыктар чачылып жатканын көрүүгө болот.

Коопсуздук чаралары күчөтүлгөн борбор шаарда мындай жардыруулар сейрек кездешет. Ошол эле учурда, серепчилердин айтымында, акыркы жылдары Пакистанда радикал топтордун активдешүүсү байкалууда.

Полициянын эки өкүлү билдиргендей, жанкечти мечиттин кире беришинде өзүн жардырган.

Эске салсак, 11-ноябрда Исламабадда болгон жанкечтинин кол салуусунан 12 адам каза таап, дагы 27 киши жаракат алган.

Ал чабуулду Пакистандын бийлиги ооган жараны жасаганын билдирген, бирок жоопкерчиликти эч бир топ өзүнө алган эмес.

Пакистандын 241 миллион калкынын басымдуу бөлүгүн сунни мусулмандар түзөт. Ал эми шиилер азчылык болуп саналат. Буга чейин шиилерди каапыр
деп эсептеген "Техрик-и-Талибан Пакистан" радикал уюму ар кандай чабуулдарды уюштуруп келген.

Дагы караңыз

Куудул Нурлан Сабуровго Орусияга кирүүгө 50 жылга тыюу салындыЖаранды телефондон алдап, батирин саттырган үч киши кармалганын Бишкек милициясы кабарладыОрусиянын Тергөө комитети генерал-лейтенант Алексеевге кол салуу аракети болгонун билдирди