Италиянын Милан шаарында 6-февралда XXV кышкы Олимп оюндарынын расмий ачылышы болду. Негизги азем аталган шаардагы “Сан-Сиро” стадионунда өттү, бирок кээ бир иш-чаралар Кортина, Ливиньо жана Предаццодо да уюштурулду.
Олимп оюндары 22-февралга чейин өтөт жана ага Кыргызстандан эки спортчу катышат. Тимур Шакиров тоо лыжа спортунан, Артур Сапарбеков лыжа жарышынан чыгат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги спортчуларды машыктыруучулар Игорь Борисов менен Александр Левданский коштоп барарын билдирген.
Артур Сапарбеков 19 жашта, спорт чебери. Ал 2022-жылы Эл аралык биатлон бирикмеси (IBU) уюштурган биатлон боюнча Кубокко катышып, эл аралык мелдештердеги жолун баштаган. Андан бери жаштар жана чоңдор арасында Дүйнө чемпионаттарына, эл аралык мелдештерге катышып келет. Бир нече эл аралык мелдештерде байге ээси болгон. 2024-жылы Түштүк Кореяда өткөн Жаштардын кышкы Олимпиадасына катышкан. 2025-жылы кышкы Азия оюндарында жарышка чыгып, алдыңкы 20 спортчунун катарына кошулган.
Тимур Шакиров дагы 19 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпионатынын күмүш байге ээси, Борбор Азия Кубогунун жеңүүчүсү. Өспүрүмдөр арасындагы кышкы Олимпиаданын катышуучусу. Дүйнө чемпионаттарына жана эл аралык турнирлерге бир нече жолу катышкан.
Тоо лыжа спорту боюнча өз категорияларында Кыргыз Республикасынын көп жолку чемпиону. Алгачкы күндөн тартып Каракол шаарындагы "Крокус" клубунда машыктыруучу Ирина Волкованын жетекчилиги алдында машыгып келет. Учурда аны Игорь Борисов машыктырат.